Бүгүн, 7-октябрында Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын жеңүүчүлөрү Салтанат Кеңешчоро кызы жана Мария Медведеваны салтанаттуу тосуп алуу аземи болот. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта алйтылгандай, салтанаттуу иш-чара бүгүн саат 18:30 да “Манас” аэропортунда өтмөктү.
Астана шаарында өткөн II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы 1-орунду, ал эми Чүй облусунун И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Медведева Марина Витальевна 2-орунду багындырды.
Фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан келген мугалимдер катышты. Жеңүүчүлөрдү эл аралык калыстар тобу сырттан жана кадимки катышуу баскычтарынын жыйынтыгы боюнча тандады.