• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Бүгүн эми ал китепти өзүм жазып жатам». Улан Эгизбаевдин жубайынын эскерүүсү

12 Бирдин айы 2020 10:50 Бишкек Govori.TV

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин бүгүн, 12-февраль туулган күнү. Анын жубайы эскерүү жазды.

«Биз үй-бүлө кургандан кийин мен жумушума байланыштуу Лондонго кеткем. Ошол күндөрдүн биринде Лондондо окуп жүргөн кыргызстандык эже туулган күнүнө чакырып калды. Чакан чөйрөдө бирге барган кесиптешим Азиза эже, белгилүү юрист Жоомарт Жолдошев үчөөбүздүн ортобузда кызыктуу маек уланып кетти. Жоомарт ага: «Маркум Табылды Эгембердиев Кыргызстандагы өтө сыйлаган инсандарымдын бири эле. Өмүрүнүн соӊку күндөрү жанында болуп, мүлкүн жакындарына бөлүп берүү вазийпасын аткардым. Ошондо Табылды ага чын жүрөгүнөн өкүнүп: «Көп китеп окудум, бирок, бир да китеп жазууга жетишпедим», — деп кейиген эле, — деп калды. Ушул сөздү кийин Кыргызстанга келгенде мен Уланга айтып бердим. Айттым да, анан артынан сен да китеп жазсаӊ, мен оӊдоп-түзөп, чогултуп жардамдашам деп кошумчалай кеттим. Анткени Уландын журналистик куржуну тарыхый маалыматтарга өтө эле бай болчу. Дээрлик саясий окуялардын чордонунда жүрүп, саясатчылардын көбүнүн көшөгө артындагы турмушу туурасында мага далай айтып берген. Мен ал окуяларды өз көзү менен көргөндөн кийин “жаза жүрсө” деген кыязда акыл салган элем. Бирок ал так кесе, — Жок, каражан, мен китеп жазбайм, мен жөнүндө башкалар китеп жазат, — деди. Ошондой эле болду. Бүгүн эми ал китепти өзүм жазып жатам… Бул баарынан мурун уулубуз үчүн жазылчу эмгек. Азыр баарыбыз билген чындыкты бир гана ал билбейт. Бейкапар чоңоюп келатат. Бөлмөбүздө турган портретиңди жакшы тааныйт, «Ата» деп көрсөтөт, мойнун созуп өөп да койгонго жарап калдык. Анын көп кылыктарынан сени көрөм, жашап жаткандайсың… Дагы бир жагынан Уланып жатканынды элдин сага баасынан билем. Кайсы жерде акыйкатсыздык болсо, сени жоктошот, сагынат, кадимкидей ичи ачышат. Демек, кыргыз журналистика айдынына салып кеткен чыйырын, басыгын, табылган, ийгилигин унутулган жок. Бүгүн, улуу-кичүү муун сенин туулган күнүңдү куттукташат. Бир катар иш-чаралар уюштурулат. Болсоң… Баягыдай барбаландап, кубанып, жасалмасыз сөздөрүңдү жазып 30 жаш менен башкача учурашмаксың. Айла гана жок. Өзүң айткандай «Муну бир айтабызбы, эки айтабызбы, тартышылгыс ЧЫНДЫК!»», — деп жазган Сапаргүл Абдинабиева .

Количество просмотров: 1492