Бүгүн, 21-июнда кыргызстандыктар күндүн шакек сымал тутулуусунун жарым-жартылай фазасын көрө алышат.
Маалыматка караганда, Бишкектин жашоочулары үчүн активдүү фаза 2 саат 49 мүнөткө созулат. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:12де башталып 14:01де аяктамакчы. Эң бийик чегин 12:35де күтүүгө болот.
Быйыл мындай күн тутулуу 38 секундага гана созулат жана аны Африка, Арабия жарым аралы, Евразияда жайгашкан 111 өлкөнүн, Япония жана Малай архипелегдарынын, ошондой эле Австралиянын жашоочулары көрө алышат.