• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаев катышат

20 Аяк оона 20219:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму өтөт.

Жактоочу Замир Жоошев отурум 14:00го белгиленгенин билдирди.

“Соттук жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышары күтүлүп жатат”, — деди Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев.

Белгилей кетсек, сот 13-сентябрда уланмак. Бирок ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу отурум 20-сентябрга жылдырылган.

Количество просмотров: 193