Бүгүн, 24-июнь күнү Кыргызстанга Кореядан жана Вьетнамдан 42 жаран келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар «T-way» авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейси менен учуп келишти. аталган рейс Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынан жана Кореянын, Япониянын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстандан алып кетүү үчүн Корея тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулулган.
Учурда учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.