• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бүгүн Кыргызстан менен Монголия футбол талаасында беттешет

7 Кулжа 20219:42 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында кезектеги беттешин өткөрөт.

Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө Александр Крестинин баштаган улуттук курама команда Монголиянын футболчулары менен күч сынашат. Учурда Кыргызстанда 7 упай бар. Тайпада 3-орунду ээлеп турат.

Буга чейин Монголиянын борбору Улан-Батордогу оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен.

Количество просмотров: 398