Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.
11-июнда, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча курама командалары Д.Өмүрзаков атындагы оюн талаасында беттешет.
Бүгүнкү беттеште «Дордой» клубунун жарым коргоочусу Антон Землянухин алган жаракатынан улам оюнга чыкпай турганы айтылды. Кыргызстан курама командасы бул беттешке башкы даярданууну 3-июнда башташкан.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары буга чейин 5 жолу оюн өткөргөн. Анда кыргызстандык команда 2 жолу, ал эми Палестина бир жолу жеңишке жеткен. Ал эми эки оюн тең чыгуу менен аяктаган.