• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылат

28 Кулжа 202410:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн, 28-июнда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылат.

Тагыраагы, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Количество просмотров: 122