• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бүгүн Москва көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

17 Тогуздун айы 20199:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-октябрда Бишкектин Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Панфилов көчөсү менен кесилишкен бөлүгү жабылат. Мындай чектөөлөр жол оңдоо иштерине байланыштуу болгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Юсуп Абдрахманов менен Панфилов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде оңдоо иштери жакында аяктайт. Аталган тилкени ушул жуманын аягында ачуу пландалып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Унаалардын түштүк жана түндүк тарапка кыймылы үчүн Панфилов, Логвиненко жана Исанов көчөлөрү Москва көчөсүнөн ачылат.

Количество просмотров: 29