Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 28-июлда дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу мелдешке чыгат. Ал 66 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Анын алгачкы атаандашы украиналык Богдан Ядов болмокчу.

Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.
Кубанычбек Айбек уулу 23 жашта. Олимпиада оюндарына алгач ирет катышып жатат. Ал дүйнөдөгү эң абройлуу мелдештердин бири саналган Tbilisi Grand Slam мелдешинде алтын медал уткан (2023-жыл). Чоңдор арасында Азия жана Океания чемпионатында (2021-жылы) коло тагынган. Дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия Кубогунун жана Европа кубогунун күмүш медалдарына ээ болгон.

26-июлда башталган Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат.
Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат.
