• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бүгүн Сапар Исаков жетектеген Өкмөт отставкага кетет

19 Чын куран 2018 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.04.2018. Govori.TV

Сапар Исаков жетектеген КРнын Өкмөтү бүгүн отставкага кетээри белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өздүк булактар тастыкташты.

Анда белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин 40тан ашык депутаты Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишенбестик көрсөтүү боюнча сунушту күн тартибине алып чыгат. Мыйзам боюнча, төрага бул сунушту кароого коюуга тийиш.  Ал эми ишенбестик көрсөтүүнү парламенттин көпчүлүк добушу чечет. Биздеги маалыматтар боюнча, 80ге чукул депутат бул сунушту колдоп берүүгө даяр.

Эске сала кетсек, «Өнүгүүгө 40 кадам» программасы менен Сапар Исаков жетектеген Өкмөт 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин колдоосун алып, шайланган болчу.

 

Количество просмотров: 32