• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн сот акцияга чыккан активисттердин ишин карайт

3 Чын куран 202212:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук соту акцияга чыккан активисттердин ишин карайт.

Тынчтык митингине чыккандарга Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси («Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө») боюнча иш козголду.

Эске салсак, 2-апрелде Украинадагы согушка каршы митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Горький гүлбагына чогулган жарандык активисттер «Согушка жол жок» деген жазууларды кармап турган. Аларга милиция кызматкерлери келип, митинг өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын эскерткен. Көп өтпөй 15тен ашуун адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Количество просмотров: 234