Бишкек.15.09.2018.Govori.TV
Бүгүн «тазалык күнү» акциясынынын алкагында Бишкек шаарындагы, Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» эс алуу багында ишембилик өтүп жатат.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын бардык аймактарында, өлкөнүн коомдук пайдалануудагы жерлерин, жаратылыш парктарын, көлмөлөрдү, токойлорду ж.б. табигый таштандылардан тазалоо боюнча акция болууда. Бардык областтардан миңдеген жарандар ишембиликке чыгышат жана айлана-чөйрөнү сактоого өз салымын кошушат.
https://www.facebook.com/govoriTV/videos/2243231399240279/
Акция Дүйнөлүк Тазалык Күнүнө карата өткөрүлүүдө, ага “Дүйнөнү тазарталы!” лозунгу менен дүйнөнүн 150 өлкөсү кошулду.