• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн жалпы сегиз митинг өттү

11 Жетинин айы 2020 17:43 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 11-ноябрда жалпы сегиз нааразылык акциясы өттү.

«Караван» соода борборунун ижарачылары кезектеги акция уюштуруп, соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алууну талап кылышты.

Гепатитке чалдыккандар дары-дармектин, эмдөө үчүн вакцинанын кымбаттыгын чечип берүү, гемодиализ алгандар өз маселелерин чечүү тууралуу талаптар менен Саламаттык сактоо министрлигинин алдына чыгышты.

«Түндүкэлектр» ишканасынын бир топ кызматкерлери кайрадан өкмөт үйүнүн алдына чыгып, мурдагы жетекчини кайра кызматка дайындоону, «Кыргыз почтасы» мекемесинин 20дан ашык өкүлү айлык-акыны жогорулатууну талап кылышты. Бир нече жаран «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жетекчисине каршы акция өткөрүшсө, «Акнет» компаниясынын бир катар кызматкерлери ишкананын камактагы негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновго карата нааразылык билдиришти. Анын алдында Ажимудиновдун тарапкерлери маалымат жыйын өткөрүп, аны камактан бошотууга бийликти чакырышкан.

«Кыргызалтын» ишканасы митингдеги билдирүүлөрдү атайын уюштурулган акция жана куру доомат деп баалады. Саламаттык сактоо министрлиги нааразы тараптын өкүлдөрү менен жолугушуп, гемодиализ алгандар менен гепатитке чалдыккандар көтөрүп чыккан маселелер карала турганын билдирди.

Мындан тышкары өкмөт үйүнүн алдында «Айымдар кыймылы» деп аталган коомдук бирикмеге мүчө төрт аялдын Кыргызстандагы саясий окуяларга каршылык акциясы уланууда.

Ачкачылык жарыялаган аялдар менен президенттик аппараттын өкүлдөрү жолугушуп, талаптарын укканы айтылды.

Количество просмотров: 84