• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бүгүн Жапаров менен Путин үч мектептин курулушуна старт берет

1 Аяк оона 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын символдоштурган алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземине видеокөпүрө форматында катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.

«Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат», — деди президенттин басма сөз катчысы.

Количество просмотров: 183