• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн ЖК референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда карайт

10 Бештин айы 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңешитин депутаттары жалпы жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карашат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам жолбоору күн тартибине 5-маселе болуп кирген.

Эске салсак, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырган.

Жыйында долбоорго депутаттар Текебаев, Момбеков, Бекешев, Никитенко «каршы» добуш берсе, калгандары колдоого алган.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыкканы жазылган. Ал эми бул долбоорду буга чейин экс-депутат Курманкул Зулушев сунуштаган. Ал эми Жапаров ошол эле долбоордогу референдумдун өтүүчү күнүн гана өзгөртүп чыгарганын билдирген.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте тийиштүү түрдө каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын айтышууда.

Эске салсак, 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан.

Количество просмотров: 58