• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү

4 Тогуздун айы 2020 8:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Эртең мененки саат 8:00дө өлкө аймагындагы шайлоо участкалары ишин баштайт.

Шайлоо саат 20:00гө чейин уланат. Андан кийин жалпы маалымат берилип, саат 22:00дө шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгарылат.

Шайлоону 33 эл аралык уюмдарын өкүлдөндүргөн дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 277 эл аралык байкоочулар, 77 жарандык коомдон жана 16 саясий партиядан турган байкоочулар байкоо жүргүзуп жатышат.

Шайлоодо 16 партия ат салышууда. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны — 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

Количество просмотров: 56