Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев жалпы жыйында 20 жыл мурда болгон Аксы окуясына токтолуп, азыркы бийликти сынга алды.
Атамбаев ошондой эле Кой-Таш окуясы боюнча сотту создуктурбай жыйынтыктоого чакырды.
«17-март бизге унутулгус күн болду. Акаевдин режиминен алты киши көз жумуп, канчасы жараат алды. Ал келип ичип-жеп, каткырып күлүп качып кетти. Кичине эки жүздүүлүк болуп калды. Негизи Акаевди алып келип, эл алдында кечирим суратыш керек болчу. Атамбаев менен Ниязовго уялбай мөөнөт берип койдуңар. Бул саясат экенин түшүнүп жатам. Өч алып жатасыңар, мейли бизден, менден алгыла, тарапташтарымда эмне күнөө? Бул күндөр дагы өтөт. Ошондо эл бийликтен Акаевди эмнеге камаган жоксуңар, эмнеге кетирип жибердиңер деп сурайт», — деди депутат.