• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Бүтүн Кыргызстандын» иши: БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова сотко чакыртылды

9 Аяк оона 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын арызы каралып жаткан сотко күбө катары чакыртылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Сотко чакыруу келди. Ишенем митинг тынч өтүп, тынч митингге катышкандарга да, мага да карата эч кандай провокация болбойт (эске салсам, С. Жапаровдун колдоочуларын кандай «айдактап» провокация кылып, анан жонокой элди куноолу кылып коюшкан)…
Ишенем, Элибиз да митингде тынч маанайдан чыкпайт…», — деп жазган ал.

Эске салсак, 7-сентябрда Бишкектин административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызы каралды. Аталган партия парламенттик шайлоого каттоодон баш тарткан БШКнын чечимин жокко чыгарууну суранган болчу. Жараяндын жүрүшүндө эки тарап кошумча өтүнүчтөрдү келтирип, натыйжада сот иши 9-сентябрга жылдырылды. Сот арызды карап жаткан учурда имараттын алдына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жүздөгөн тарапкери чогулуп, партияны шайлоого катыштырууну талап кылды.

Количество просмотров: 340