• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Бүтүн Кыргызстандын» тарапкери Турду Акматалиев Орусияда кармалып, Кыргызстанга алып келинди

22 Жетинин айы 202411:51 Бишкек Govori.TV

Орусияда иштеген Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Акматалиевдин жакындарына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматта айтылгандай, Турду Акматалиевди Орусиянын күч түзүмдөрү Красноярск шаарынан быйыл 22-мартта кармаган. 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген. Сурак учурунда тергөөчүлөр Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн кармалганын айткан. Ал «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен айыпталууда.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасы 31-октябрда каралып, 30-ноябрга чейин камакка алынганын билдирди.

Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгон.

Количество просмотров: 167