Баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармалды Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган Б.Ш., Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 296 жана 286-беренелери боюнча баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөн.
Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.