• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Баңги кылмышына шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды 

3 Жетинин айы 2023 9:40 Бишкек Govori.TV

Сокулукта кылмыш дүйнөсүндө туруктуу байланышка ээ жаран баңги кылмышына шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Сокулукта бир нече жолу соттолгон жаран баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Ошондой эле ал баңгизаттардын туруктуу сатуу каналын түзүп алган.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.

2023-жылдын октябрь айынын аягында ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарында жашаган Нарын облусунун тургуну 1992-жылы туулган А.уулу Э. кармалган. Аталган жаран мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат, криминалдык чөйрөдө туруктуу байланышка жана сыйга ээ.

Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда аз өлчөмдөгү баңгизат табылган. Эскпертизанын корутундусуна ылайык, ал баңгизат гашиш болуп чыккан. Учурда шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги:
Количество просмотров: 179