• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Баңги затын сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды

22 Бугу 202416:42 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан чет элдик жаранды барымтага алуу, андан акча талап кылуу, баңгизаттарды сактоо жана колдонуу, КР миграциялык мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Египеттин 5 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар социалдык тармактар (Telegram мессенджери – Трава шоп группасы) аркылуу «гашиш» баңги затын системалуу түрдө сатып алуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталды.

«Тагыраагы, Бишкек шаарынын бардык райондору боюнча топтун администратору тарабынан берилген даректердин негизинде заклад чогултулуп, тиешелүү дозалар менен чет өлкөлүк студенттерге сатылган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баңги заттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 340