• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Баңгизатты банка менен ташыган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

24 Бирдин айы 2018 18:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.02.2018.Govori.TV.

Борбор калаанын Октябрь райондук милициясы 22-февралда 3,7 киллограмм наша алып бараткан эркек киши кармады. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

42 жаштагы кишинин унаасынан арткы отургучундагы сары түстөгү баштыкка салынган үч литрлик эки банкадан шектүү зат табылган. Ал экспертизага жөнөтүлүп, нашаа экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициядан анын буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгын жана тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Количество просмотров: 23