• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Баңгизатын көмүскө түрдө жарнамалаган баннерди ким илгени айтылды

21 Жетинин айы 201915:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясы баңгизатын көмүскө түрдө жарнамалаган баннерди ким илгенин маалымдады.

Баннер Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишине илинген. Аны 20-ноябрда Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен мэриянын өкүлдөрү алып салган.

Демонтаж баннера на билборде, рекламировавший наркотики на пересечении проспекта Чуй и улицы Курманджан Датки Бишкека

Аны 20-ноябрда Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен мэриянын өкүлдөрү алып салган.

«Баннерге QR-код менен сайттын дареги жазылган. Ага кирген адам баңгизаттын жарнамасын жана баасын көрө алмак», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарнама берүүчүнү аныктоо боюнча текшерүү иштерин баштады. Маалыматка караганда, ушундай эле баннерлер Казакстанда дагы байкалган.

Мэриядан билдиришкендей, жарнама тактасы 2022-жылга чейин жеке компанияга ижарага берилген.

Аталган компания менен байланышканда билборд кыска мөөнөткө реклама агенттигине ижарага берилгенин маалымдашты.

Ал эми аталган агенттиктин кызматкери жарнаманы жаш жигит илдиргенин билдирди.

«Ал жигит мага россиялык номер менен телефон чалып университеттин жанына жакын жайгашкан аймактан билборд керектигин айтты. Ал баннерге илине турган QR-код менен текстин кошо жөнөткөн», — деди кызматкер.

Ал ошондой эле агенттик жарнаманын мазмунун катуу текшербей турганын, заказ берген киши акчасын агенттиктин эсебине которгонун кошумчалады. Агенттиктеги маалыматтын бардыгын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алып кеткен.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 2161