• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Баарынар сасыксыңар! Кыргыз соту «Сасык» деген сөз шылдыңдоо иретинде көрбөдү

7 Бирдин айы 2018 18:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2018. Govori.TV.

Соттор “сасык” деген сөз боюнча чечим чыгарышты.

Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын юристеринин доо арызы боюнча “сасык” деген сөздүн лингвистикалык маанисин карады.

Эсиңиздерде болсо, 2017-жылдын 6-мартында мурунку президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде “Ата Мекен” партиясына жана лидери Өмүрбек Текебаевдин дарегина карата “сасык” деген сөздү колдонуп айыптоо сөздөрүн айткан.

“Ата Мекен” партиясы буга чейин дагы сотко Атамбаевдин сөзүндө ар-намыска шек келтирүү белгилери бар деген доо арыз менен кайрылып келишкен. Бирок, бүгүн сот “сасык” деген сөздө адамдын ар намысына шек келтирүү, басмырлоо, шылдыңдоо белгилери жок деген бүтүм менен чечим чыгарып берди.

А.Атамбаевдин сөзү.

https://www.youtube.com/watch?v=sTTwabk-6cQ

Количество просмотров: 9