Мамлекеттик органдар кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөрүү маселесин карап чыгышы керек. Мындай талап 25-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда коюлду.
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өлкөдө эпидемиологиялык абал оорлогонун айтып, мекемелердин кызматкерлери саламаттыгын коргоо үчүн аралыктан иштөөгө өтүшү керектигин белгиледи. Мындай чара мамлекеттик органдардын ишине терс таасирин тийгизбей тургандай уюштурулуусу зарыл экенин кошумчалады. Ишти үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кеңселерде саналуу сандагы гана кызматкерлер санитардык талаптарды аткарып иштөөсү керектигин айтты.
Штабдын жыйынында санариптештирүү иштери да талкууланып, коронавирус шартында элдин мекемелерге баруусун кыскартып, тейлөөнү санарип форматта жүргүзүү зарылдыгы да айтылды. Тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.
Заманбап технологияларды коронавирус жуккандар менен контакт болгондорду аныктоо үчүн активдүү колдонуу жагын карап чыгуу керектиги айтылды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев штабдын бүгүнкү жыйынында республиканын айрым аймактарына кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси караларын айткан.