• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бабанов ага адилетсиз мамиле кылгандарды кечирдим деди

20 Бештин айы 201912:28 Бишкек Govori.TV

Ушу тапта «Республика» партиясынын съезди өтүп жатат. Анын негизги максаты — саясий кеңештин жаңы курамын жана партиянын төрагасын шайлоо. 

Анда сөз сүйлөгөн мурунку депутат Өмүрбек Бабанов ага карата адилдетсиз мамиле кылгандарды кечиргенин айтты.

«Партиялашым эмес, оппонет адамдарды сөзүм менен таарынтып алсам кечирим сурайм. Ошол эле учурда мага адилетсиз мамиле кылгандарга эч кандай капачылыгым жок, мен баардыгын кечирдим. Кечиримдүүлүктү үйрөнө жана иш жүзүндө колдоно билишибиз керек. «Республика» партиясынын тең төрагалык ордунан мен кеттим. Бирок Кыргызстаныма мен дайыма жардам берем, мен саясий долбоорумду жыйынтыктадым. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Жүрөгүмө жаккан башка тармактарга күчүмдү жумшоого убакыт келди. Өлкөбүздүн экономикасына, билим берүү тармагында инновациясына кудай буйурса жардам бергенге күчүмдү жумшайм. Мен партиябыздын башында дээрлик 10 жыл турганыма сыймыктанам. Партиябыз 2020-жылы шайлоодо элибиздин колдоосуна ээ болсун», — деп билдирди Бабанов.

Ал эми съезде “Республика” партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев шайланды.

Количество просмотров: 313