• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бабанов бүгүн УКМКга суракка барат

20 Баш оона 201910:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 20-августта “Республика” партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.

УКМКнын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды.
Бабанов шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кетип, жакында гана кайтып келди. Ал Амир-Темирдеги сөзүндө улут аралык чыңалууга чакырык жасабаганын билдирген.

Эске салсак, 19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты. Мындан тышкары ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

Количество просмотров: 14