Бишкек.19.08.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 19-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта беш сааттай сурак берип чыккан “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов «Кыргызстанга бийлик менен сүйлөшүп, анан келди» деген пикирлерди четке какты. Бул тууралуу ал журналисттердиен суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Бийлик менен сүйлөшүп алып келсем, мени Финполго төрт сааттан ашык кармап отурушмак беле”, — деген Бабанов тергөө иштери мыйзамдуу болоруна ишенерин, мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип албаганын, бардык бизнесин базар баасында сатып алганын белгиледи.
Бүгүн ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка “Кыргызстан” банкы боюнча сурак бергенин, 20-августка УКМКга чакырылганын кошумчалады.