Бишкек.09.04.2019.Govori.TV.
Бийлик тарабынан бир жыл өлкөгө келбей, сыртка чыгып кетүү талабы коюлган. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов «НТС» телеканалына берген маегинде билдирди.
«Шайлоодон соң менин тарапташтарымды куугунтуктоо боло баштады. Руслан Казакбаев А. Атамбаев менен жолукканда ар түрдүү эмоционалдуу пикирлер айтылды. Саясаттан кетүү, мандатты тапшыруу жана 1 жылга чейин өлкөгө келбей сыртка чыгып кетүү шарттары коюлган. А мен шарт коё алган эмесмин, бирок сунуш кылып тарапташтарымды куугунтуктоого алууну токтосуусун айткам»,- деди Бабанов.
Эске салсак, Бабанов жакынкы арада Кыргызстанга келет деген сөздөр анын партиялаштары тарабынан айтылууда. Ал эми өзү 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө»,- деп жазган.