• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бабанов: Болот Шер «Эл баатыры» наамына ээ болот деп ишенем

23 Кулжа 2020 12:30 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 23-июнда мурдагы депутат, коомдук ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Таластагы өзү туулуп өскөн Чоң-Капка айылында өттү.

Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында саясатчы Өмүрбек Бабанов да сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз элине кылган эмгегин эскерди.

“Чачылганды жыйнаган Боке эле. 2005-жылы парламентке аттанып атканда иним деп чакырып акылын айтып, кеңешин берген. Чынында биздин Бокебиз эл баатыры. Кудай буйруса бул наамга ээ болот деп ишенем. Тилеке каршы кетип атат бул дүйнөдөн Бокебиз”, – деди Өмүрбек Бабанов.

Количество просмотров: 467