• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бабанов кайда? Ал саясаттан чарчадыбы?

19 Баш оона 2019 12:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.08.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов ушул күндөрү Бишкек шаарында. Бул туурасында өздүк булактардан белгилүү болду. Ал орусиядан келгенден бери жакын туугандары, санаалаш достору менен жолугуп, кичи мекени Таласта элди чакырып тулөө өткөргөн.

Бабанов Кыргызстанга келээрде УКМК камакка алары туурасында маалымат тарап, бирок андай кадам күч органы тарабынан болгон эмес. Андыктан, ал бийлик менен бир толкунда болуп калгандыгы айтылган болчу.

Аңгыча саясаттагы тааныштары Бабанов чоң саясатка азырынча киришпей турганын айтышкан.

Феликс Кулов болсо, маалымат булактарына Бабанов Кыргызстанга келгенден кийин жолукканын айтып чыкты. Маектешүүдө, анын сөздөрүнөн чоң саясатка келе турган оюу жок экенин түшүнгөнүн кошумчалаган. Азыр болсо болсо Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен алек экен. Анткени кичүү кызын көптөн бери көрө элек болчу. Башка туугандары менен да.

Мындан сырктары Кулов белгилеген, «Бабанов бир жарым жыл өлкөдо болбоду, эми ал жеке иштери менен алек болот. Ошондой эле ага карата ачылган эки кылмыш иши чечилбеген бойдон турат. Ал адвокаттар менен кеңешип прецессуалдык иштин чечүү жолдорун табышы керек. Ал адам саясат менен алектенбей турган сөзүн айтты, ошондуктан «Бабанов темасын» айланчыктоонун керек жок».

Ал эми, Бабановдун жакын тарапташы, «Чынында эле,Өмүрбек Бабанов премьер-министр же чоң саясатта болуу маселесин талкуулап же караган жок. Ал үй-булөсү менен алек, саясий иштерге аралаштыгы жок»-деди.

Количество просмотров: 3