Бишкек. 15.08.2019. Govori.TV
Жакында эле орусиядан келген Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Таласты кыдырууда.
Өздүк булактардан маалым болгондой, кечээ ал Талас облусунун Бакай-Ата районунда болсо, бүгүн Кара-Буура элине чай берет экен. Иш-чарага катышкандардын айтымында анын кичи мекениндеги уюштурулган түлөөгө 500гө чейин киши келип жатат.
Ушул тапта болсо Бабанов Манас районунун эли менен жолугушууда.
