• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бабанов кармалды

31 Бугу 2021 16:18 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар туралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер министр Өмүрбек Бабанов кармалды.

КР УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.

Количество просмотров: 587