• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бабанов каржы полициясына суракка кирди

19 Баш оона 201917:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.08.2019. Govori.TV

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов каржы полициясына суракка кирди. Бул тууралуу өздүк булактан маалым болду.

Бирок кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айтышкан жок.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов ушул күндөрү Бишкек шаарында экендиги айтылган. Ал орусиядан келгенден бери жакын туугандары, санаалаш достору менен жолугуп, кичи мекени Таласта элди чакырып тулөө өткөргөн.

Ал эми, Бабановдун жакын тарапташы, “Чынында эле,Өмүрбек Бабанов премьер-министр же чоң саясатта болуу маселесин талкуулап же караган жок. Ал үй-булөсү менен алек, саясий иштерге аралаштыгы жок”-деди.

Количество просмотров: 21