• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бабанов Кыргызстанга келбей турганын кабарлады (Видео)

13 Чын куран 2019 10:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.04.2019.Govori.TV.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга бүгүн келбей калды. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов бүгүн, 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видеокайрылуу жасаган учурда билдирди.

«Урматтуу элим мен үчүн эң маанилүү чечим кабыл алдым. Мына мен азыр аэропортто турам. Түнү менен штабдан, тарапташтарым, жетекчилерим чалып чыгышты, мени тосуп алууга арналып пландалып жаткан тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр тарабынан ар кандай провокациялар дайындалып жатканын айтыштышты. Мен үчүн элимдин тынчтыгы эң баарынан маанилүү. Менин күчүм силерсиңер, үчүнчү күчтөргө курал болуп калууңарды каалабайм. Тынчтык митингди токтотууңуздарды суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай кааласа мен жакынкы күндөрү келем. Чоң рахмат!»,- деген Өмүрбек Бабанов өз кайрылуусунда.


Эске салсак, Бабанов бүгүн Кыргызстанга учуп келээрин жар салган. Аны тосуп алуу үчүн Бишкекте, Таласта, Нарында жана Караколдо тынчтык митинги болоору айтылган.

Бабанов 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.


Количество просмотров: 10