• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бабанов Кыргызстанга келгенде эмне кылаарын айтты

9 Чын куран 201921:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.04.2019.Govori.TV.

Атамдын үйүн сагындым, кичи мекенимди сагындым деди саясатчы, «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов «НТС» каналына маек берип жатып.

https://www.facebook.com/128841923963592/posts/1266863196828120/

«Айылдагы үйүмө барып түнөп, бата кылат элем. Мага эч ким тийишпей, тынч жашаганды каалап турган учурум. Саясаттан башка дагы кызык нерселер бар. Экономиканы көтөрүш керек эле. Мен жардам берүүгө даярмын», — деди Бабанов.

Мындан сырткары, ал башына кыйынчылык түшкөн учурда кимдер жардамга келип, колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

«Кыргызстандан кеткенден кийин үч ай өзүмө келе албай стресс болдум. Ошондо мага досторум, бир туугандарым, жакындарым жөлөк болду. Достуктун баркы билинди», — деп айтып берди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 2018-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө процесси токтотулганын билдирген.

Количество просмотров: 25