Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.
Саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин кайрадан биригиши катуу талкууга алынууда. Камчыбек Ташиев экөөнүн интернетке сүрөтүн жарыялап, «Жакшылыктар эми башталат. Жолугушканча» деп жазган. Ошондой эле жолугушуу тууралуу «Мен жеке иштерим менен Москвага баргам. Ошонун арасында Өмүрбек Токтогулович менен да жолугуп, баарлаштык. Анын ой-максаттары жакшы, кандайдыр бир радикалдуу, жаман ойлорун байкаган жокмун»,-деген.
Эске салсак, төрт жыл мурун эки саясатчы биригип, парламенттик шайлоого чогуу барышкан. Президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев катуу өкүнүп, Бабановго алданып калганын айтып чыккан эле. Эки саясатчынын табышып, кайра таарынышканы калк арасында ар дайым кызуу талкуу жаратат. Бул жолку жарашуу канчага созулат аны мезгил көрсөтөт.