• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ө. Бабанов: Мыйзамдуу түрдө жооп берүүгө даярмын

9 Чын куран 2019 20:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.04.2019.Govori.TV.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов «НТС» телеканалына маек берип жатып УКМКнын «Бабанов келсе мыйзам чегинде жооп берет»,- дегенин жооп берди.

Кыргызстандан тышка чыгуумдун, дароо кайтып келбегенимдин себептери, учурдагы абал, жана алдыга койгон пландарым боюнча…

Опубликовано Омурбек Бабанов Вторник, 9 апреля 2019 г.

«Баарыбызга эле белгилүү Россиянын президентинин иш сапары болду, анын алдында келбейт болчумун. Ички саясатка эч кимди аралаштырбаш керек. Андан кийин азыркы КСДПнын ичиндеги ар тараптуу талаштар болуп жатат, кудай буюрса ушул жума бүтөт. Ушул жума бүткөндөн кийин жакынкы күндөрү келем. Ал эми УКМК мен өз ыктыярым менен келе жатсам неге камайт. Барам туугандарыма жолугушам. Суракка десе барам. Мыйзамдуу түрдө дайыма жооп берүүгө даярмын. Болбой эле кармайбыз десе аны эми азыркы бийлик өзү чечим кабыл алат»,- деди Бабанов.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, экинчи орунду алган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда “анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 11