• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бабанов Он-Адырдан башка дагы эки иш боюнча сурак берди

23 Баш оона 2019 20:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты.

Анын айтымында, тергөөчүлөр аны Он-Адырдан башка дагы эки иш боюнча суракка алышкан.

«Бул жакка бир иш боюнча келсек, башка иш жөнүндө сурашты. Жооп бердик. Эмне иш экенин айта албайм. Себеби маалыматты жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп бергем», — деди Бабанов.

Ал ошондой эле УКМКдан азырынча үчүнчү суракка чакыруу болбогонун, бирок шейшемби күнү Финполго барарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бабанов 19-августта «Кыргызстан» банкынын иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми эртеси президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирген. Мурдагы депутат сурак агрессиясыз, тынч өткөнүн билдирип, жума этегине чейин кайрадан Финполго жана УКМКга суракка чакырылганын маалымдаган болчу.

Количество просмотров: 5