• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Бабанов саясатка кайра келгенин айтты

6 Тогуздун айы 202017:19 Бишкек Govori.TV

Элибиз ушундай кыйналып турган кезде саясатка кайтып келдим, карап тура алган жокмун. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Координациялык кеңештин жыйынында Өмүрбек Бабанов билдирди.

 Журналисттер тарбынан «саясатка кайтып келдиңизби?» деген суроо узатылды.

«Элибиз ушундай кыйналып турган кезде карап турбай, кайтып келем. Биздин партия элди алып чыкканда Бабанов сыртта турду деп жатасыңар. Мен эч качан позициямды өзгөрткөн эмесмин. Биздин партиянын артында мен тургам», — деди ал.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, былтыркы жылдын август айында кайтып келген.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы декабрь айында саясаттан биротоло кеткенин айткан эле.

Количество просмотров: 1333