• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бабанов: Саясий атаандаштар бири-бирине душман эмес

9 Чын куран 2019 20:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.04.2019.Govori.TV

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов «НТС» каналына маек берип жатып Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм деп айтканы тууралуу сөз кылды.

Кыргызстандан тышка чыгуумдун, дароо кайтып келбегенимдин себептери, учурдагы абал, жана алдыга койгон пландарым боюнча…

Опубликовано Омурбек Бабанов Вторник, 9 апреля 2019 г.

«Саясий атаандаштар бири-бирине душман эмес. Сооронбай Жээнбеков жана мен шайлоо алдында бири-бирибизге көп курч сөздөрдү айтканбыз», — деди Бабанов.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, экинчи орунду алган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда “анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.


Количество просмотров: 10