• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бабанов суракта олтурганда анын унаасын айып короого алып кетишти

20 Баш оона 2019 21:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдынан Өмүрбек Бабановдун унаасын айып короого токтотуу үчүн алып кетишти. Бул учурда Бабанов аталган мекеменин имаратына сурак берүүгө кирип кеткен.
Унаанын терезелери караңгылатылгандыгы үчүн, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери B7700AA үлгүсүндөгү унааны айып короого алып кеткендигин жеринен кабарчыбыз билдирди.

Ал эми УКМКда беш саатка жакын сурак берип чыкты. Унаасы алынып кеткенин уккан Бабанов анын айнектерди караңгылатууга уруксаты бар экенин айтты.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды. Кечээ, 19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты.

Количество просмотров: 4