• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бабанов талашка түштүбү?

3 Теке 2019 15:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы окуялар коомду эки тарапка бөлүүдө. Ким кайсы тарапка өтөт деп дүрбү салып отургандар дагы аз эмес. «Республика — Ата-Журт» партиясынын Жаштар комитетинин төрагасымын деген Азамат Баяманов Атамбаевди колдоп, бүгүн «эски элитага каршы» тынчтык митингине катыша турганын айтты.
Ошол эле учурда, Атамбаевди колдоо штабы тарабынан уюштурулуп жаткан митингге «Республика» партиясынын катыштыгы жок экенин аталган партиянын расмий өкүлү Канат Мидин уулу жооп кайтарууга шашылды.

Мындан сырткары, Атамбаевдин тарапташтары Өмүрбек Бабановдун тайэжеси Сурия Кадырова дагы Кой-Ташка келип, алардын катарына кошулганын маалымдашкан. Ал арада Бабановдун эжеси Бакен Бабанова Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган аялды тааныбастыгын билдирди.

Бийликтин тарапташтары дагы Атамбевчилерден кем калышпаганы байкалууда. Себеби, «Бабанов саясий айдыңда Жээнбековдор менен бирикти» деген божомолдуу билдирүүлөр тарады. Бул кабардын тарашына интернетке жүктөлгөн сүрөттөр себеп болду. Анда интернет колдонуучу КСДПчы Төрөбай Зулпукаров,менен түшкөн сүрөтүн жана Өмүрбек Бабанов менен өзүнчө түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Аны көргөндөр алардын бир жерде болгонун жазышууда.
Бирок, Өмүрбек Бабанов буга чейинки берген маектеринин биринде эгерде Кыргызстанга кайтып келе турган болсо, экөөнө тең кошулбайм дегендей түс көрсөткөнү менен бийликке жагынуу иретинде тынч жашоону каалай турганын айткандай.

Алмазбек Атамбаев менен бийликтин ортосунда талашка түшкөн Бабановго соодалашуу мүмкүнчүлүгү буюргандай. Соңку бир жарым жыл бозгунда жүргөн Бабанов чыңалып бара жаткан саясий абалда, кайсы жээкке кетээри Кыргыстандын саясатына да, өзүнө да маанилүү чечим болушу мүмкүн.

Количество просмотров: 37