• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бабанов УКМКга сурак берип чыкты

9 Үчтүн айы 202117:04 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Бабанов сурак берип чыкты. УКМКнын кызматкерлери аны бүгүн, 9-январга саат 10:00гө чакырышкан.

Бабанов сурак берип чыккандан кийин журналисттерге тергөөнүн сырдуулугуна байланыштуу кайсы кылмыш иши боюнча чакырылганын айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов суракка чакырылганы 7-январда белгилүү болгон. УКМКнын басма сөз кызматы дагы анын кайсы иш боюнча сурак берери тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбай турганын белгиледи.

Количество просмотров: 371