• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бабанов өзүнө карата канча иш иликтенип жатканы туурасында айтты

29 Баш оона 201918:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.08.2019. Govori.TV

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) ага байланыштуу төрт иш, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) да төрт иш иликтенип жатканын айтты.

Ал айрымдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда, айрымдары быйыл жанданганын билдирди. Бабанов бул тууралуу бүгүн, 29-августта Финансы полициясына кезектеги суракка кирип чыккандан кийин айтты. Ал буга чейин да атайын кызмат менен Финполго бир нече жолу сурак берген.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бабанов «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып боюнча УКМКга сурак берип жатат.

Ал эми Финансы полициясында «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу быйыл апрелде жанданган кылмыш иштери боюнча күбө катары суралууда.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен. Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.

Количество просмотров: 25