Бүгүн Шайлоо мыйзамындагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуу өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Анын жүрүшүндө Шайлоо мыйзамындагы парламентке өтүү босогосун төмөндөтүү жана мыйзамдагы айрым кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар айтылды.
Анда убагында шайлоодогу тогуз пайыздык тосмону киргизүүнү сунуштаган «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев ал оюнан кайтканын белгилеп, ал тосмонун төмөндөөсүнө азыр макул экенин айтты.