Бүгүн, 2-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралып жатат.
Бабановду отурумга саат 10:15те киргизишкен. Сотко 2 өтүнүч берилген. Ал шектүүнүн кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү жана баш коргоо чарасын кароо тууралуу. Азыркы тапта сот чечим чыгара элек.
Бул арада сот имаратынын алдына Бабановдун тарапташтары кайра чогулду. Ошондой эле жараянга Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев менен Калдарбек Баймуратов келген.
Эске салсак, Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу кармалган.