• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Бабановдун тарапташтары Нарын, Талас, Караколдо да митинг өткөрөт

11 Чын куран 201914:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV.

Ө. Бабановду тосуп алуу үчүн 13-апрелде Бишкекте гана эмес Нарын, Талас, Караколдо да митинг өтөт. Бул тууралуу Р. Казакбаев ырастады.

Анын айтымында Бабановду тосуп алуу үчүн тарапташтары тынчтык митинг өьткөрүү сунушун беришкен, ал эми партия ага макул болгон.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкек шаарында 10 миң киши чогулган митинг өтөрүн маалымдашкан.

Өмүрбек Бабанов өзү бир жыл мурда саясаттан кеткенин жарыялап, андан кийин дагы бир нече жолу аны саясатка аралаштырбоону өтүнгөн.

Количество просмотров: 21